Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, «Айтыш» коомун негиздөөчүсү Садык Шернияз акын менен коштошуу зыйнаты учурунда «Азаттыкка» билдирди.
«Элмирбек кыргыздын гана эмес, казактын да салтын, философиясын терең билген, улуу ойчул акын эле. Ал өзү менен айтышкан акындарды эч качан басмырлабай, тескерисинче зоболосун көтөрүп салчу. Элмирбек эки китепке жазылчу ойду эки эле сөз менен берип коёр эле», - деди Садык Шернияз.
Ал эми обончу, ырчы Сыймык Бейшекеев Элмирбек Иманалиевдин обондору элге терең сиңген, элдин жүрөгүнөн орун алган ырларга айланганын белгилеп кетти.
Төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу бүгүн, 22-апрелде анын Бишкектин Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдында өттү.
Иманалиев менен коштошууга өзгөчө абалга карабай көп киши чогулду.
Маркумдун жаназасын муфтийдин орун басары Закир Ракиев окуду.
Элмирбек Иманалиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. (BTo/ZKo)