Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

Рейтинг: Кыргызстанда сөз эркиндиги жакшырды, бирок мындан да жакшы боло алмак


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» укук коргоо уюмунун рейтингинде соңку бир жылда бир баскычка жогорулап, 180 өлкөнүн арасынан 82-орунду ээледи.

Уюмдун баяндамасында Кыргызстан тууралуу «жакшырды, бирок мындан да жакшы боло алмак» деп жазылды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы (ЖМК) плюрализм «Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанга гана таандык экени», ал эми «2017-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы журналисттерге карата репрессия эбак токтогону» белгиленди.

Бирок маалымат алуунун жеткиликтүүлүгү дагы эле чектелүү жана журналисттик иликтөө жүргүзүү кооптуу экени айтылды.

Экстремизмге каршы күрөш деген шылтоо менен кээде социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына карата негизсиз куугунтук жүрөрү жазылды.

Казакстан бул рейтингде быйыл 157-орунду ээледи. Өзбекстан биринчи жолу Казакстандан озуп өтүп, 156-баскычка келди. Тажикстан 161, Түркмөнстан 179-орунда.

Рейтингдин лидерлери - Норвегия, Финляндия жана Дания.

XS
SM
MD
LG