COVID-19 вирусуна каршы күрөшкөн медициналык кызматкерлер обсервацияларга - мейманканаларга жана конок үйлөрүнө жайгаштырылып жатат. Мындай чечим обсервациялык аймактарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден соолугун сактоо, алардын жашоосу үчүн тийиштүү шарт түзүп берүү максатында кабыл алынган.
Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар, ысык тамак, транспорт менен камсыздоо маселеси штабдын жана жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө турат.
22-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдетин 22 адамга жукканы аныкталды, анын ичинен 10у медициналык кызматкерлер. Жалпы оору жуккан 612 адамдын ичинен 157си медициналык кызматкерлер. (ZKo)