Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

АКШ иммиграциялык визаны 60 күнгө токтотот


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттар эмгек базарын коргоо үчүн чет өлкөлөрдүн жарандарын өз аймагына киргизүүнү 60 күн чектей турган болду.

«Бул тартип туруктуу жашоо үчүн уруксат, башкача айтканда, гринкарта алууну каалагандарга гана колдонулат. Убактылуу келип жаткандарга тиешелүү эмес», - деди Трамп шейшембидеги басма сөз жыйынында.

Президент жарлыкка шаршембиде кол коёрун, кийин ​зарылчылык жаралса 60 күндүк мөөнөттү өзгөртүү же узартуу маселеси караштырыларын белгиледи.

«Вирустун айынан жумушунан кетирилген америкалыктар чет өлкөлөрдөн келген жаңы эмгек мигранттары менен алмаштырылып калганы туура эмес жана адилетсиз болмок. Адегенде америкалык жумушчуга кам көрүшүбүз керек», - деп чечмеледи Трамп чукул кадамын.

«Reuters» агенттигинин президенттик администрациядагы жогорку даражалуу маалымат булагы жакында Америка экономикасын ача баштай турганын, ошол учурда жумуш издеп четтен келгендердин агымы көбөйөрү болжолдонгонун билдирген.

2019-жылы АКШ Мамлекеттик департаменти 462 миң иммиграциялык виза берген. Анын негизинде мигрант туруктуу жашап, иштөөгө уруксат ала алышат.

XS
SM
MD
LG