Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

«FactCheck»: Сегизбаевдики деген үй бажы кызматкерине таандык болуп чыкты


«FactCheck» порталындагы сүрөт.
«FactCheck» порталындагы сүрөт.

«FactCheck» порталы буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасына таандык деп айтылып келген үч кабат үй чынында Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы кызматкерине тийиштүү экенин жазып чыкты.

Портал 22-апрелде жарыялаган маалыматка караганда, Бишкектин четиндеги «Орто-Сай-2» айылындагы үй бажыда иштеген кенже лейтенант Абулхазы Самсалиевге таандык.

Анда айтылгандай, «cadastre.kg сайтындагы маалымат боюнча, үй жана жер тилкеси Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык. Менчик укугу 2019-жылдын 14-майында берилген. Демек, расмий документтер боюнча үйдүн Абдил Сегизбаевге жана Болот Сүйүнбаевге тиешеси жок... Үч кабат үйдүн азыркы ээси - Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери».

Бул маалыматка Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтынан тартылган сүрөт тиркелди. Андан Самсалиев Түндүк-Чыгыш бажысында бажы эрежелерин сактоо тобунун инспектору экенин көрүүгө болот.

«Азаттык» бул боюнча комментарий алыш үчүн Мамлекеттик бажы кызматына кайрылганда төмөнкүдөй жооп алды:

"Самсалиев Абулхазы Нурланович Бажы кызматынын органдарына кызматка 2020-жылы 31-январда кадрлар системасынын резервине кабыл алууга өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Ага чейин ал ишкердик менен алектенген жана көп батирлүү үйлөрдү курган “ЭР ЭЛ ЛТД” ишканасынын директору кызматында иштеген. Бажы органдарында өтөөгө чейин бул ишканадан өз каалоосу менен бошотулган".

2018-жылы «FactCheck» Сегизбаевдин үйү деп тарап жаткан сүрөттөгү үй «Орто-Сай-2» айылында жайгашканын тастыктаган. Бирок анын чыныгы ээси ким экенин тактоо мүмкүн болбой койгону айтылган. Сегизбаев өзү «Азаттыктагы» маегинде андай маалыматты четке каккан. (RK)

XS
SM
MD
LG