«Элден элге бекер нан!» кайрымдуулук долбоорунун алкагында муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып жаткан нан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №47 абагындагы наабайканада бышырылууда.
Нанды Бишкектин четиндеги Ак-Босого, Арча-Бешик, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Ак-Ордо жана башка конуштардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга күн сайын жеткирүүгө ЖАМК көмөктөшүп жатат. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул долбоордун алкагында күн сайын жаңы конуштардагы 8-9 дүкөнгө 600гө жакын нан таратылат, андан 400дөй үй-бүлө алат.
№47 абакта 2 наабайкана бар. Мекеменин ичиндеги наабайканада соттолгондор үчүн нан бышырылса, сыртындагы наабайканада жасалган нан Бишкек шаарындагы аскердик бөлүмдөрдү камсыз кылат. Маалыматка ылайык, нан жаап, таратууда санитардык эрежелер толук сакталат. (ZKo)