Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Ысык-Көлдө өгөй ата эки кызын зордуктоого аракеттенген деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, милиция учурда бул маалыматты иликтеп жатат.

Жергиликтүү укук коргоочулар Түп районунун тургуну 17-апрель түнү бойго жете элек өгөй кыздарына мас абалында кол салууга аракет ыклганын, кыздар кошунасыныкына качып үлгүргөнүн социалдык тармактарга жазып, милицияга кабарлашкан.

Усубакуновдун маалыматы боюнча, бул факт Түп райондук ички иштер бөлүмүндө 20-апрелде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 165-беренеси («Жашы жете электерге карата жыныстык байланышсыз ыплас аракет кылуу») боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул иш боюнча шектүү Түп районунун 42 жаштагы тургуну камакка алына элек. Ал эми кичинекей кыздарды райондук социалдык коргоо кызматкерлери коопсуз жакка алып кетишкен.

Кыздар жашаган үй-бүлө социалдык оор абалдагы үй-бүлө катары каттоодо турган. (KS)

XS
SM
MD
LG