Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Украинада токойдогу өрт өчпөй жатат


Украинанын Житомир облусундагы токойдон чыккан өрт бир жумадан бери өчпөй жатат. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын жергиликтүү бөлүмү кабарлады.

Беларустун чек арасы менен Чернобыль аймагынын ортосунда Украинанын токойлуу Овруч району жайгашкан. Өрт негизинен ошол райондогу токойго жана жанындагы кыштакка зыян келтирген. Чар тарапты каптаган өрттөн 80 үй толук күйүп кетти.

Украин өкмөтү жабырлануучуларга жакын арада каражат бөлүүгө убада берди.

Азыр токойдогу өрттү өчүрүш үчүн миңден ашык куткаруучу күнү-түнү иштеп жатышат. Житомир токоюн өрт каптагандан бери алты күн өттү. Бирок өрт толук өчүрүлө элек. Катуу шамал отту миңдеген чакырымга таратты. Күлгө айланган аймактын жалпы аянты төрт миң гектардан ашты. (YI)

XS
SM
MD
LG