Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Ош мэриясы көрнөк-жарнактардын алынышын түшүндүрдү


Коомдук тармактар аркылуу Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү көрнөк-жарнактар ишкерлерге эскертүүсүз, «коронавируска байланыштуу алынууда» деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«Эскилиги жеткен, талапка жооп бербеген, өз алдынча чаптап салган чоң жана кичинекей көрнөк-жарнактар алынып жатканы чын. Ишкерлерге буга чейин эскертүү берилген. Мэриядан атайын кызматтарга тапшырма берилип иш жүрүп жатат. Тазаланып жаткан көрнөк-жарнактардын басымдуу бөлүгү аялдамаларда. «Коронавируска байланыштуу тазаланды» деген маалымат чындыкка жатпайт. Болгону карантин учурунда ушундай иштерди жүргүзөлү дегенбиз», - деди Абсаттаров.

Мэрия уруксаты бар, кыргыз тилинде катасыз жазылган жарнамаларга тийишкен эмес. Ош шаардык мэриясынын карамагында ири жарнама жайгаштыруучу 300гө жакын тактай бар. (DU)

XS
SM
MD
LG