Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Министр: үшүктөн зыян тарткан дыйкандарга жардам берүүгө аракет кылабыз


Чүй өрөөнү.
Чүй өрөөнү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев дыйкандарга жардам бериш үчүн өкмөткө сунуш киргизип жатканын брифинг учурунда маалымдады. Анын айтымында, үшүктүн кесепетинен зыян тарткандарга салыктан, насыядан, өкмөттөн алган үрөндү кайтаруу жагынан жардам берүү каралып жатат.

Министр үшүктөн дан эгиндери зыян тартпаганын кошумчалады.

8-9-апрель күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин сууктап, үшүк жүргөн. Айрым аймактарга кар түшкөн. Бир топ дыйкандар түшүмдөн куржалак калганын айтып чыгышкан.

Министрликтин эсебинде дыйкандар 301 миллион 433 миң сом зыян тарткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG