Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Германия COVID-19га каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштайт. Буга Пауль Эрлих атындагы биомедициналык каражаттар жана вакцина институту уруксат берди. Вакцинаны Майнц шаарындагы «BioNTech» компаниясы ойлоп тапкан. Алгачкы изилдөө сыноосуна болжол менен 200дөй каалоочу катышат.

Препарат алгач клеткада, анан жаныбарларда натыйжалуугун көрсөтүшү керек, андан кийин гана адамдарга изилденет. Изилдөө үч этаптан турат. Адистер «BioNTech» компаниясынын дарысынын алдын ала келечеги бар деп баалап жатышат. Препарат «Pfizer» фармацевтик корпорациясы менен бирге чыгарылууда. Бул компаниялардын сасык тумоого каршы эмдөө жаатында бирге иштеген тажрыйбасы бар.

Германиялык вакцина мРНК категориясына кирет. Бул вирустардын генетикалык кодунан турган препараттардын тибине кошулат. Организмде адамдын клеткасынын күчү менен вирустук белоктордун пайда болушуна алып келет. Ал белоктор иммунитет чакырат. Мындай вакциналар салыштырмалуу арзан жана тез өндүрүлө турганы менен өтө маанилүү. Бирок мРНК вакцинасын дүйнө жүзүндө клиникалык колдонууга расмий уруксат берилген эмес.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жалпы дүйнө жүзү боюнча 20дай вакцина иштелип чыгып жатканын кабарлаган. Ошол учурда адамдарга алгачкы сыноо АКШ менен Кытайда башталганы белгилүү болгон. Ал эми Орусия алты вакцинаны сынап жатканын маалымдаган. Анткен менен адистер коронавирустун вакцинасын жапырт колдонуу 2021-жылдын башына туура келет деп жатышат.

XS
SM
MD
LG