Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 23-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын 88 киши бузду. Алты автоунаа айып токтотмосуна коюлду.
Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 56, Жалал-Абад шаарында - 13,
Ош шаарында - 5, Нарын шаарында - 5, Ат-Башы районунда - 7, Сузак районунда - 1, Кара-Суу районунда – 1 адам кармалды. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулду. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуу катталган жок.
Жалпысынан өзгөчө абал киргизилген 25-марттан тартып 3255 киши коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалып, кайра коё берилди.
Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылган. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушул эле убакытка чейин өзгөчө абал киргизилген. Аталган аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек. (BTo)