Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

Новосибирскиден келгендер обсервацияда жатат (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-апрель күнү Новосибирск-Бишкек каттамы менен учуп келген кыргызстандык жарандар Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасына обсервацияга жайгаштырылган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 23-апрелде брифингде билдирди:

«Алардын баары медициналык кароодон өткөрүлдү, учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө».

Үсөнбаев жакында эле Түркиядан учуп келгендердин арасында бир адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын, ал учурда ооруканада дарыланып жатканын да айтып кетти. Анын айтымында, буга байланыштуу аны менен чогуу учуп келгендер изоляторго алынган. Кайра-кайра текшерүүдөн кийин айрымдары үй карантинине жиберилди. Алар 28 күнгө чейин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG