Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин аппараты билдирди. Панкратов кайсы кызматка которулганы айтылган жок.
Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп 2019-жылы дайындалган.
Ал 2018-жылдын жазында экономика министри болуп ииштеген. 2019-жылдын февралында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев милдетин аткаруудагы кемчиликтери үчүн ага сөгүш берген. Ошол эле жылдын 24-майында Панкратов арыз жазып, кызматтан кеткен. «Азаттыкка» бул тууралуу комментарий бергенде: «Көп сын-пикирлер болгондуктан, ушундай чечим кабыл алдым», - деген.
Олег Панкратов 2015-2017-жылдары да экономика министри болуп иштеген. (BTo)