Чоң-Алай районунун айрым айылдарына оптико-булалык Интернет тартылып жаткан учур карантинге туш келип, үзгүлтүккө учурап калды. Калган бардык аймактарда мектептер Интернет менен камсыз болгон. Санариптик телекөрсөтүү дээрлик бардык айылдарда тартат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев 23-апрелде брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында балдардын карантин учурунда аралыктан билим алышына шарт түзүш үчүн 252 балага телевизор, 81 смартфон алынып берилди. Бул облустук бюджеттен жана меценаттардын берген акчасына алынган. Ал эми мугалимдердин облустук кесиптик кошуундар уюму 24 мугалимге компьютер сатып берди.
Мындан тышкары Ош облусундагы 1860 көп балалуу, жалгыз бой, батирде турган мугалимге, 9002 окуучунун үй-бүлөсүнө гуманитардык жардам берилген.
Брифинг учурунда өкмөт өкүлүнө жазгы талаа иштерин жүргүзүү, сугат суу маселеси, өндүргөн айыл чарба азыктарын сатууга көмөк көрсөтүү боюнча суроолор жана өтүнүчтөр келип түштү. Узарбек Жылкыбаев өзгөчө кырдаал учурунда бардык маселелер көз жаздымда калбай турганын айтты.
Кыргызстанда коронавирус илдети жуккан адамдардын жалпы саны 612. Алардын ичинен Ош облусунда 154 адам илдетке чалдыккан. Облустун Кара-Суу жана Ноокат райондоруна өзгөчө абал жарыяланган. (ZKo/DU)