Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Президент Жээнбеков: Орозонун касиети бизге бүгүнкү оор учурда керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, Кыргызстанда жашаган бардык мусулмандарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда:

«Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет. Биримдикке, ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси - бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо каалайм», - деп жазылган.

Президент ошондой эле куттуктоосунда мусулмандарга ыйык Рамазан айында туткан Орозосу кабыл болушун, ал эми Кудайдан элге ынтымак, жерге тынчтык тилегенин билдирген.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айы 24-апрелде башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG