Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын жыйынында COVID-19 вирусу жуккан бейтаптардын 48% айыгып, ооруканадан чыгарылганы айтылды.
23-апрелге карата коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болду. 302 адам оорудан айыкты.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов штабдын жыйынында аймактарда обсервациялык жайлар кишилерди кабыл алууга даяр турушу керек экенин билдирди.
Андан тышкары http://med.tunduk.kg/ сайтына медицина кызматкерлеринен кайрылуулар келип жатканы, алар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилгени кабарланды. (BTo)