Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Бишкекте Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган онлайн концерт өтөт


Болот Миңжылкыев сахнада. Архивдик сүрөт.
Болот Миңжылкыев сахнада. Архивдик сүрөт.

23-апрелде, Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында дүйнөгө таанымал опера ырчысы, СССР Эл артисти Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган концерт өтөт. Мекеме билдиргендей, концерт онлайн түрүндө өтүп, КТРКнын «Маданият» каналынан түз көрсөтүлөт.

Концертке Опера жана балет театрынын алдыңкы опера ырчылары, эл артисти Керим Турапов, эмгек сиңирген артисттер Бактыбек Ыбыкеев, Кайымбек Кускаков, эл аралык конкурстардын лауреаттары Глеб Ким, Бактыбек Алмабеков, Бактыгүл Бокоева, Оксана Шутова, Ангелика Федорова, Нуржигит Асанов, Данияр Дөлөтбаков катышат. Концерт саат 18:00дө башталат.

СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. Музыка изилдөөчүлөрдүн айтымында, кыргызда бас үндүү опера ырчылары башынан аз. Болот Миңжылкиев мына ошол көчмөндөрдө сейрек учураган керемет үндүн ээси болчу. Атактуу ырчы 1997-жылы 16-августта Санкт-Петербургда каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ал тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. (GT)

XS
SM
MD
LG