Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Жалал-Абаддагы кооптуу аймактарга 6400 көчөт отургузулду


«Жашыл долбоордун» алкагында көчөт отургузуу иштери. Апрель, 2020-жыл.
«Жашыл долбоордун» алкагында көчөт отургузуу иштери. Апрель, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун Аксы жана Сузак райондорундагы жер көчкү коркунучу бар алты жер тилкесине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери көчөт отургузушту. Министрликтин өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиргендей, «Жашыл долбоор» программасынын алкагында жер кыртышын бекемдөө максатында Аксы районунун Кызыл-Көл, Кезарт, Шадыбек-Булак тилкелериндеги 7 гектар жерге жаңгак, өрүк, кара жыгачтын көчөттөрү отургузулду. Ал эми Сузак районунун Калмак-Кырчын аймагына мистенин уруктары эгилди.

Жалал-Абад облусунун аймагында 1760 көчкү жүрүүчү аймактын 541и калктуу конуштарга жакын аралыкта жайгашкан. 1500гө чукул үй-бүлө бир топ жылдардан бери кооптуу аймакта жашап жатат. Алардын 400дөн ашыгы азыркыга чейин жардам ала элек. Жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактар негизинен Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG