Коронавирус пандемиясына каршы күрөштүн алкагында Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин четинде 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулууда. Долбоорду ишке ашырып жаткан «Enter Engineering» компаниясы шаршембиде билдиргендей, оорукананын алгачкы жайы майдын башында ишке берилгени турат. Калган бөлүгү дагы бир айдан кийин курулуп бүтөт.
«Бул жай вируска чалдыккан тургундарды жана чет өлкөдөн кайтып келип, карантинге алынган өзбек жарандарын дарылап, кароо үчүн колдонулат», - деди «Enter Engineering» компаниясынын башчысы Шохрух Саттаров.
Бул компания мамлекеттик ишканалар менен бирге ири долбоорлорго катышып жүргөнү менен таанымал. Марттын этегинде өзбек бийлиги Кытайдын Ухань шаарынан үлгү алып, оорукана кура баштаганын билдирген. 23-апрелге карай кошуна өлкөдө COVID-19га кабылган бир миң 716 киши катталган. Жети бейтап көз жумган.