Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

HRW Борбор Азияны карантинде адам укуктарын сыйлоого үндөдү


Алматыдагы полиция кызматкерлери. 14-апрель, 2020-жыл.
Алматыдагы полиция кызматкерлери. 14-апрель, 2020-жыл.

«Human Righrs Watch» укук коргоо уюму (HRW) Борбор Азия өлкөлөрүндө карантин шартында адам укуктары бузулуп жатканын билдирди. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун мындай билдирүүсү 23-апрелде жарыяланды. Анда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү COVID-19 илдетине каршы «маанилүү кадамдарга» барганы менен ал чараларды дарыгерлердин, журналисттердин жана активисттердин укугун чектеш үчүн колдонуп жатканы белгиленген. Ошондой эле айрым учурда карантин чаралары чектен чыгып кетип жатканы да айтылган.

«Чукул чаралар убагында жана вируска каршы келечекте көрүлө турган иш-аракеттер учурунда адам укуктары сакталышы керек. Алар чектөөлөрдү журналисттерге, медицина кызматкерлерине жана коомчулукка маалымат жеткирүүгө аракеттенген башка адамдарга каршы колдонбошу керек», - деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Мындан тышкары «Human Righrs Watch» уюму Түркмөнстан менен Тажикстандын бийлигин калкка коронавируска байланыштуу ачык маалымат берүүгө үндөдү.

23-апрелге карата өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны Казакстанда 2207, Өзбекстанда 1716, Кыргызстанда 631 адамга жетти. Тажикстан менен Түркмөнстан коронавируска чалдыккандар тууралуу маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG