Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:50

Тарбиячылардын, мугалимдердин айлыктары толук берилет


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул туурасында «Азаттыкка» Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат, финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында 16-марттан 8-апрелге чейин бардык билим берүү мекемелери узартылган каникулга тараган, бирок бул убакыт үчүн кызматкерлердин айлык акысы март айы үчүн толук эсептелип төлөнүп берилген. Айлык акы апрель айында да 100% сакталып төлөнөт.

«8-апрелден тартып мугалимдер, окутуучулар дистанттык форматта билим берип, иштеп жатышат. Алардын эмгек акысы өтүлгөн сааттарына карап саналып төлөнүп берилет. Ошондой эле билим берүү уюмдарында администрацияда, тейлөөчү кызматтарда иштегендер бар. Аларга да эмгек акысы толук төлөнүп берилет. Бала бакчалардын тарбиячыларына, кенже кызматкерлерине да ушундай эле шарт менен айлык акысы толук төлөнүп берилет. 1-октябрда көтөрүлгөн тариф менен айлык акысын толук алышат», - деди ал.

Акыйкат Баймуратова «карантинге байланыштуу иштебей, үйдө отурган бала бакча тарбиячыларынын, кенже кызматкерлеринин (нянька) айлык акылары кыскарат же акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылат» деген маалыматтарды жокко чыгарды.

Баймуратованын айтымында, учурда он сааттык бала бакчалардын тарбиячылары орто эсеп менен 17 миң сом айлык акы алышат. Ал эми тоолуу аймактарда иштегендерге дагы кошумча төлөнөт. Бала бакчалардын кенже кызматкерлери орточо 5-7 миң сом айлык алышат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында Кыргызстанда 16-марттан тартып мектептер жана окуу жайлары жабылып, балдар каникулга тараган. Бала бакчалар 22-марттан тартып ишин токтоткон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG