23-апрелде Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАБ) өкмөт башчылары 2025-жылга чейинки экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун талкуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү кабарлады. Видеоконференция режиминде өткөн жыйынга Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.
2025-жылга чейинки ЕАЭБдин экономикалык өнүктүрүүнүн багыттарын аныктаган «Жол картасында» он эл аралык келишимди, 60тан ашуун ченемдик-укуктук актыларды, биримдик жөнүндө келишимди, анын курамындагы мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына 25тей өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү иштеп чыгуу камтылган. Маселен, аларга «ЕАЭБдин мунайзат жана мунайзат өндүрүмү боюнча жалпы рыногун түзүү концепциясы», «ЕАЭБде газдын жалпы рыногун түзүү концепциясы», «ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү концепциясы» кирет.
Жыйында 19-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешин өткөрүүгө чейин газ жеткирүүнүн баасын түзүү боюнча маселе кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алынды. Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйыны июль айынын экинчи декадасында Минск шаарында өтөт. (TSh)