Өлкө боюнча обсервацияга жана ооруканага жаткырыш үчүн жалпысынан 11 миӊ 961 орун даярдалды. Мындан сырткары талаа шартында 3872 орун даярдоо пландалып жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров маалымдады:
“Тамак-аш менен камсыз кылуу да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн. Бүгүнкү күндө 35 617 жаранды республикалык казынадан бөлүнгөн каражатка тамак-аш менен камсыз кылдык”.
Аскаров айтып жаткан 35 миңден ашык жаран - карантин иш-чараларына тартылган кызматкерлер жана обсервацияда жаткандар. Алардын тамак-ашына 10 млн. 277 миң 590 сом жумшалды.
23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болуп, 302 адам оорудан айыгып чыкты. (TSh)