Орусиянын Екатеринбург шаарынан Бишкекке чартердик рейс уюштурулат. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Штабдын маалыматына караганда, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктарды алып келүү 28-апрелге пландалууда.
Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын жагдайы 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги маселелердин бири болгон.
Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, дагы 4 миңден ашууну келе албай жатканын билдирген. Алардын көбү Орусияда.
6-апрелде Екатеринбургдан 17 кыргызстандыкты алып келген «Урал авиа жолдору» компаниясынын учагы менен кайра 35 орусиялык учуп кеткен. (RK)