23-апрель күнү саат 17:20 чамасында райондун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Катраңкы айылында 11 жаштагы бала Наманган каналына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаал министрлигинин куткаруучулары, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери тартылган. (ZKo)