Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучу көп упай алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык олимпиада онлайн форматта өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышты. Алардын ичинен Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Ислам Давлетов эң мыкты жыйынтык көрсөтүп, жогорку 400 упайдын 314үнө ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сингапурда өтүүчү информатика боюнча эл аралык олимпиада коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган. Бул жолу онлайн өткөрүлгөн сынак бейформал таймаш катары саналып, жалпы жыйынтык чыгарылган эмес.

Информатика боюнча эл аралык онлайн олимпиадага Кыргызстандан: Ислам Давлетов, Шабдан Батыркулов, Өмүрбек Жамалов, Артур Айдаров, Марат Алмазбеков жана Данияр Бейшекеев катышкан.

Онлайн сынакка жалпысынан дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн окуучулары катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандагы предметтик олимпиадалардын республикалык сынагы да белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Олимпиада апрель айында өтмөк. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG