Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Германияда Сириядагы кыйноо боюнча алгачкы сот башталды


Айыпталуучулардын бири «Анвар Р». 23-апрель, 2020-жыл.
Айыпталуучулардын бири «Анвар Р». 23-апрель, 2020-жыл.

Германиянын Кобленц шаарында сириялык коопсуздук органдарынын мурдагы эки кызматкеринин үстүнөн сот башталды. «Анвар Р» жана «Эйад А» аттуу бул эки адам «Башар Асаддын режимине каршы чыккан оппозициячыларды кыйнап, жыныстык ыдык көргөзгөн» деп айыпталууда.

Сот материалдарына ылайык, «Анвар Р» Сириянын Борбордук коопсуздук башкармалыгын жетектеп, Дамасктагы түрмөлөрдү көзөмөлдөп турган. 2011-2012-жылдары ал абактарда бери дегенде 4 миңдей киши, негизинен тынч акциялардын катышуучулары ырайымсыз кыйноого дуушар болуп, 58 киши өлгөн.

Соттолуп жаткан экинчи киши «Эйад А» Анвардын кол астында иштеген жана кыйноо сыяктуу бир нече кылмышка аралашкан деп шек саналууда.

Экөө тең Сириядан кетип, Германиядан баш калка сурашкан. Бирок алар 2019-жылы камакка алынган. Айыптуу деп табылса, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сот алардын ишин 23-апрелде карай баштады. Бул иш Сириянын президенти Башар Асаддын башкаруусу учурундагы кыйноо фактыларын териштирген дүйнөдөгү алгач соттук териштирүү болуп калды.

XS
SM
MD
LG