Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына балдар ойноочу жана машыгуучу аянтчалар курулууда. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов 24-апрелде курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып чыкканын мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров жарыялады.
Абсаттаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, курулуш иштерин Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы (ТИКА) өз каражатына жүргүзүүдө. Долбоор былтыр сунушталып, курулуш быйыл февраль айында башталган.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал Ош шаарына да киргизилген. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда курулуш иштери да токтотулган. (ZKo)