Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

Жээнбеков вируска каршы күчөтүлгөн чараларды улантуу зарыл деп эсептейт


Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус боюнча абалды талкуулады. 24-апрель, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус боюнча абалды талкуулады. 24-апрель, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алганда айтты.

Ошону менен катар мамлекет башчы экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен кайра уланта баштоого, жазгы талаа иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурду.

Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин айтты. Ал жалпы республика боюнча 42 миңдей анализ алынганын, 656 адамдан коронавирус инфекциясы табылганын, алар менен байланышта болгондордун баары көзөмөлдө экенин билдирди.

Эми илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо иши жүрөрүн кошумчалады.

18-марттан 24-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 656 адамдан табылды, алардын сегизи каза тапты, 322 бейтап айыгып чыкты.

30-апрелге чейин Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Мекеме-ишканалар убактылуу жабылган.

Карантин мөөнөтү андан ары узартылабы же жокпу, азырынча белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG