Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандан бери райондук, шаардык, облустук соттордо, Жогорку сотто судьялар нөөмөт менен иштеп жатышат.
Маалыматта: «Соттук териштирүүлөр санитардык нормалардын талаптарын сактоо менен өтүп жатат. Дезинфекциялоочу каражаттар менен толук камсыз кылынган» деп айтылган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-апрелге белгиленген жараян Атамбаев сотко келүүдөн баш тартканы үчүн башка күнгө жылдырылды. Мурдагы президенттин тарапкерлери коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалга карабай соттун жүрүшүнө нааразылыгын билдиришкен. (ZKo)