Кыргызстандын мурдагы экономика министри Олег Панкратов Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) бажы кызматташтыгы боюнча коллегиясынын мүчөсү, министри болуп дайындалды. Бул тууралуу чечим Евразия экономикалык кеңешинде кабыл алынганын уюмдун расмий сайты кабарлады.
Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) караштуу бул комиссия тогуз мүчөдөн турат. Буга чейин бажы кызматташтыгы боюнча министрлик кызматта кыргызстандык Нурлан Акматов иштеген.
Панкратов 2019-жылдан бери президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген. 2018-жылдын жазында экономика министри болуп иштеген. 2019-жылдын февралында милдетин аткаруудагы кемчиликтери үчүн ага сөгүш берилген. 2015-2017-жылдары да Экономика министрлигин жетектеген.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия кирет. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын алуу максатында уюшулган, бирок кыргыз тарап иш жүзүндө кыйынчылыктар көп экенин айтып келет.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңсеси Москвада жайгашкан. (RK)