Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Өкүлчүлүк: Түркиядан келгендер жаткан обсервациянын шарттары жакшы


Ысык-Көлдөгү обсервацияга даярдалган жатакана. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көлдөгү обсервацияга даярдалган жатакана. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиядан келген 23 киши Кара-Суу районундагы «Кочкор-Ата» жеке клиникасына обсервациясына жаткырылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди:

«Соцтармактарга обсервациянын шарттарына нааразы болуп жазышыптыр. Шарттар жакшы, 23-апрелде ремонт иштерине байланыштуу эки саат ысык суу берилбей, кийин кайра берилген. Бир палатада экиден жатышат. Клиникада сегиз даараткана бар. Түркиядан учуп келгендерден бир кишиден коронавирус табылганына байланыштуу, булар обсервацияга жаткырылган. Булардын өздөрүнүн, жакындарынын жана башка адамдардын коопсуздугу үчүн, үйгө чыгарылбайт».

22-апрель күнү Түркиядан Кыргызстанга учуп келген 212 адамдын бирөөнөн COVID-19 вирусу табылып, калгандары обсервацияга алынган.

Алардын ичинен 23 адам Кара-Суу районундагы «Кочкор-Ата» жеке клиникасына, обсервацияга жаткырылган. Айрымдары аталган клиникада ысык суу жок, даараткана тартыш экенин, палатага төрттөн киши жаткырылганын белгилеп, үй карантинине чыгарууну талап кылышкан. Алардын талаптары социалдык тармактарга жарыяланган.(ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG