Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

«Талибан» ооган өкмөтүнүн атышпоо жөнүндө сунушун четке какты


Баграм түрмөсүнөн бошотулгандар. 11-апрель, 2020-жыл.
Баграм түрмөсүнөн бошотулгандар. 11-апрель, 2020-жыл.

«Талибан» кыймылы ооган өкмөтүнүн Орозо айында атышууну токтотуу жөнүндө сунушун четке какты. Бул тууралуу талибдердин басма сөз өкүлү Сухаил Шахил «Твиттер» аркылуу кабарлады. Ал талибдер кармашты уланта бере турганын, себеби ооган өкмөтү менен болочок тынчтык келишими жана туткун алмашуу маселелери боюнча пикир келишпестиктер кала бергенин айтты.

23-апрелде ооган президенти Ашраф Гани «Талибан» кыймылына атышууну токтото турууну сунуш кылган. Андан бир күн мурда ооган бийлиги Орозону утурлай «Талибан» кыймылынын 55 жактоочусун түрмөдөн чыгарганын билдирген.

Кошмо Штаттар менен «Талибандын» өкүлдөрү 29-февралда тынчтык келишимине кол койгон. Ага ылайык, талибдердин 5 миң жактоочусу өкмөттүк түрмөлөрдөн чыгарылып, миң киши «Талибандын» туткунунан бошотулушу керек. Ошондон кийин гана оогандардын өлкөдө тынчтык орнотууну максат кылган ички диалогу башталууга тийиш.

Расмий Кабул 8-апрелден тартып эркиндикке чыгарган талиб жоокерлеринин жалпы саны 480ден ашты. Батыш колдогон өкмөткө каршылык көрсөтүп келген «Талибан» кыймылы баш-аягы 60тай коопсуздук кызматкерин туткундан бошотту.

XS
SM
MD
LG