Коронавируска каршы күрөшүү иштерине тартылган чек арачыларга коргонуучу каражаттар Кытайдан гуманитардык жардам иретинде келген.
24-апрель күнү Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень коргонуучу каражаттарды Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевге салтанаттуу түрдө тапшырды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы элчиге гуманитардык жардам үчүн терең ыраазычылык билдирип, коргонуучу кийимдер жана каражаттар мекен чегинде турган чек арачылардын коопсуздугу үчүн чоң жардам болорун белгиледи.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлагандай, коргонуучу каражаттар мекен чегинде тургандарга жиберилет. (ZKo)