Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

COVID-19: Бир бейтапка үч миң доллардай сарпталып жатат


Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллар каражат кетип жатат. Бул тууралуу 24-апрелде брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапка 3 миң доолар коротулуп жатканын билдирди. Бизде бир бейтапка канча кетип жатат?» деген суроого ал:

«Азырынча ар бир учурдун социалдык-экономикалык чыгашасын эсептеп чыга элекпиз. Бирок болжол менен ошондой эле чыгым бизде да болуп жатат, коронавирус инфекциясына чалдыккандарды дарылоого, медициналык тейлөөгө» - деп жооп берди.

18-марттан 24-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 656 адамдан табылды, алардын сегизи кайтыш болду, 322 бейтап айыгып кетти.

Өзбекстандын өкмөтү коронавируска чалдыккан ар бир бейтапка 32 миллион сум (3 миң доллардан ашуун) коротуп жатканын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов билдиргенин «Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG