Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Коомдук фонд парламенттик шайлоо боюнча мониторинг жүргүзө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо жараянына мониторинг жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мониторингди уюштурган “Жалпы иш” коомдук фондунун басма сөз өкүлү Нурайым Манапбаева билдирди.

Манапбаева белгилегендей, Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө мамлекеттердин шайлоону ачык-айкын өткөрүү боюнча милдеттенмелерине кошулган, алардын бири – шайлоого көз каранды эмес байкоо жүргүзүүгө шарт түзүү:

“Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү процесстери ар бир этапта маанилүү. Элдин өз убагында жана так маалымат алып туруусу барып келип шайлоо процессине ишеничти жогорулатышы керек. Шайлоо жараяны өлкөдөгү көп сандагы шайлоочуларга тиешеси бар болгондугу көз каранды эмес байкоонун баалуулугун шарттап турат. Мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты – эл аралык милденттенмелер жана өлкөдө кабыл алынган, шайлоого тийиштүү мыйзамдардын так иштеп жатканына толук анализ жүргүзүү”.

Коомдук фонддун маалыматына караганда, байкоочуларды даярдоо ыкмасы ЕККУ аймагында колдонулуучу эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Жогорку Кеңеш 120 депутаттык орундан турат. (RK)

XS
SM
MD
LG