Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Белгилүү коомдук ишмер Карпек Курманов дүйнөдөн кайтты


Маркум Карпек Курманов. Сүрөт Юстиция министрлигинин сайтынан алынды.

Белгилүү коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору, профессор Карпек Курманов 92 жашында 24-апрелде дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Юстиция министрлиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Карпек Курманов Кыргызстандын юридика илимин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Кыргыздардын арасында эн биринчи жогорку укук билиминин ээси. Республикасынын Улуттук Илимий Академиясынын ардактуу академиги. Эгемен Кыргызстандын көптөгөн мыйзамдарын иштеп чыгууга салым кошкон.

Юридика илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы жана тармакта көптөгөн адистерди даярдап чыгарганы үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарды алган. Алардын ичинде 3-даражадагы «Манас» орденине, «Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери» наамына ээ болгон. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG