Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

COVID-19: бейтаптарды дарылоого кеткен акча тууралуу түшүндүрмө берилди


Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Кыргызстанда коронавирус жуккан бейтаптарды дарылоого кеткен каражат боюнча түшүндүрмө берди. Анын сөзү боюнча, COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдар акысыз дарыланат. Дары-дармек, медициналык каражаттар жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн кеткен чыгашалар бюджеттен төлөнөт.

«Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, дарылоого 7988 сом (жеңил), 16 370 сом (орто), 74 764 сом (оор), 118 807 сом (өтө оор) сарпталат», - деди Абдикаримов.

24-апрелде брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирус жуккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллар сарпталып жатканын айткан. «Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапка 3 миң доллар коротулуп жатканын билдирди. Бизде бир бейтапка канча кетип жатат?» деген суроого «болжол менен ошондой эле чыгым бизде да болуп жатат» деп жооп берген.

Бул социалдык тармактарда талкууга алынып, дарылоого кеткен акча жогорулатылып көрсөтүлгөнү айтылып келет.

Кийинчерээк республикалык штаб бир бейтапты оорукана шартында дарылоого абалына жараша орто эсеп менен 8 миң сомдон 120 миң сомго чейин каражат кетип жатканын билдирген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG