Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Бонецкий лабораториясы 3500 дарыгерге бекер анализ жүргүзөт

Бонецкий лабораториясы.
Бонецкий лабораториясы.

Жеке менчик Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт. Ошондой эле пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтө алат.

Бул тууралуу Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады. Маалымат боюнча, андан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлери акча төлөп, тест тапшырса болот.

25-апрелге карата республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 665 кишиге жетти, каза болгондор – сегиз адам. Стационарда 312 киши жатат, алардын ичинен 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 175 кишиге жетти. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG