Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритм боюнча, дарыгерлер чек арадан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын дене табын өлчөйт жана COVID-19 вирусунун белгилери бар-жогун аныктоого экспресс-тест алат.
Республикалык штаб эгерде анализдин жыйынтыгы оӊ чыкса, айдоочу обсервацияга алынып, ага ПЧР-тест жасаларын кабарлады. Автоунаа жана жүк дезинфекцияланат. Жүктү алып кетүүгө башка айдоочу келмейинче автоунаа токтотуучу жайда калат.
Эгерде айдоочу тапшырган экспресс-тест терс болуп чыкса, анда ал 14 күн өзүн-өзүн изоляцияда кармоо тууралуу документке кол коёт. Муну айдоочунун жашаган жерине караштуу Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери көзөмөлдөйт.
Бат бузулган азык-түлүктөрдү ташып бараткан жүк ташуучу автоунаа өткөрмө жайларынан тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин биринчи кезекте жана тоскоолдуксуз өткөрүлөт. (BTo)