Президент Владимир Путин 24-апрелде кол койгон «Орусия жарандыгы тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөргө ылайык, орус жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн мурдагы жарандыгынан баш тартканын расмий тастыктоо талап кылынбайт.
Советтер Союзунун жарандыгы болгон жана мурдагы советтик өлкөлөрдүн атуулдары Орусиянын паспортун алыш үчүн өлкөдө кеминде үч жыл жашап, киреше булактарын ачыкташы керек деген да талап коюлган эмес.
Орусияда туруктуу жашоого уруксат документи бар молдовалыктар, украиналыктар, беларустар менен казакстандыктар өлкөдө жашоо убактысы боюнча талаптарды сактабай эле, жарандыкты жеңилдетилген жол менен ала алышат.
Орусиялык ЖОЖдорду аяктаган чет өлкөлүктөр орус жарандыгына үч жыл күтпөстөн, бир жыл расмий иштегенден кийин эле документ тапшыра алат.
Ошондой эле Орусиянын жараны менен никеде турган, балдары бар чет өлкөлүктөр орус паспортун жеңилдетилген тартипте алат.
Тиешелүү мыйзам июль айынын аягында күчүнө кирет.
Орус бийлиги мындай миграциялык саясат менен калкынын санын 5-10 миллионго көбөйтүүнү көздөп турат. (LzT)