Бир сутка ичинде беш медицина кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталды. Алардын ичинен үчөө Бишкек шаарында, Нарын жана Жалал-Абад облустарында бирден дарыгер.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 180 кишиге жетти. Бул тууралуу 26-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
«Бишкекте коронавирус табылган үч дарыгер №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери. Алар ыкчам бригадаларда иштеп, бейтаптарды карап жатканда вирус жуктургандар менен контактта болуп калышы мүмкүн. Алар дарыланып жатат», - деди Үсөнбаев.
26-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 682 кишиге жетти, каза болгондор – сегиз адам. Жалпысынан ушул күнгө чейин 370 бейтап айыгып чыкты. (BTo)