25-апрелден баштап дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунда коронавирус жуккан адамдар жашаган айылдарды кыдырып. вирус аныкталгандар менен байланышта болгондорду, үй карантинине алынгандарды текшере башташты.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Дарыгерлер кишилердин дене табын текшерип, ПЦР анализдерди алат.
25-марттан бери мобилдик бригадалар Ош облусунда үй карантинде болгон 11 898 тургунду текшерип, 9 138 адамды дарыгерлердин көзөмөлүнөн чыгарышты.
Өзгөн районунда беш мобилдик топ 174 кишини, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет аныкталган 27 жарандын туугандарын, жакындары болгон 301 адамды, ал эми Чоң-Алайда байланыштагылардын баарын текшерип бүтүштү.
Өкмөт Кыргызстанда коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталарын кабарлаган. (BTo)