Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Пакистандын бир облусунда дарыгерлер иш таштады


Пакистандагы саламаттык сакчылары
Пакистандагы саламаттык сакчылары

Пакистандын эң чоң Пенжаб провинциясында медицина кызматкерлери иш ташташты. Алар коронавируска каршы күрөшкөндөргө берилген коргоо кийимдеринин сапаты начар экени айтып жатышат.

Сапатсыз жабдуунун айынан COVID-19 илдетине чалдыккан медиктер көбөйүп жатканын Жаш дарыгерлер ассоциациясынын Пенжабдагы жетекчиси, акцияны уюштуруучулардын бири Салман Хасиб Чодри 26-апрелде билдирди. Анын айтымында акыркы 24 саатта Пакистанда 100 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталган.

Расмий маалыматка ылайык, жекшембиге карай өлкөдө жаңы вирусту жуктургандардын жалпы саны 13 миңди чамалап, 269у ажал тапкан.

Эки апта мурда өлкөнүн түштүк-батышындагы Балужистан провинциясында да коргоочу кийим жетишсиздигин айтып ондогон саламаттык сакчысы жүрүшкө чыккан. Аларды полиция кармап, бир нече сааттан кийин бошоткон.

220 миллион киши жашаган Пакистандын өкмөтү Кытайдан жардам алып, өз өндүрүшүн ыкчамдатып, коргоочу кийимдерди көбөйтүү аракетинде.

XS
SM
MD
LG