Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Төрөбаев «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылды. Анда партиянын төрагалыгына Кыргызстандын 30 жаштан жаш эмес, жогорку билимдүү, партияда беш жылдан кем эмес мүчө болгон жана соттолбогон жараны көрсөтүлүшү керек экендиги жазылган.

Документтин маалымкат-негиздемесинде саясий партиялардын ишине жана аларды түзүүгө карата талаптар жогорулаганы айтылат. Мыйзамдын негизги максаты катары «саясий лидерлерди жана элиталарды тандоо, мамлекеттик кызматтарга дасыккан кадрларды даярдоо жана жетектөөчү кызматтарга саясий жоопкерчиликти алууга даяр кадрларды тарбиялоо» деп айтылат.

Мыйзам кабыл алынса партиядан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү, мамлекеттик кызматтарга талапкерлерди жылдыруу партиянын уставына ылайык жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Андан тышкары партия лидерин шайлоонун жол-жоболору жазылган долбоор 24-апрелден тартып коомдук талкууга коюлду.

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу да «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүшкөн. Анда партия түзүү, анын ишмердиги, программасы жана уставы сыяктуу саясий бирикмеге тиешелүү бир катар өзгөртүүлөөр менен кошо саясий партияларды бюджеттен каржылоо тууралуу сунуш да бар.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда Юстиция министрлигинен 270ке жакын саясий партия каттоодон өткөн. «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам 1999-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG