COVID-19 вирусунан өлгөндөр көп болуп жаткан Европанын төрт мамлекетинде курмандыктар азая баштады. Жекшембидеги маалымат боюнча Францияда бир сутка ичинде коронавирустан 242 киши каза болду. Алардын 152си ооруканадан жан берсе, 90 киши карылар үйүнөн өлдү.
Италияда бир суткада COVID-19 вирусунан 260 адам көз жумду. Бул 14-марттан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Италияда бул илдеттен баш-аягы 27 миңге жакын киши каза болду. Британияда бир күндө 413 киши өлүп, адам курмандыктарынын саны 20 732ге жетти.
Испанияда 20-марттан берки эсепти алганда коронавирустун эң аз курмандыгы катталып, бир суткада 288 киши жан берди. Бул мамлекетте илдеттен 23 190 адам көз жумду.