Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:43

Министрлик: Караколдо өзүнө кол салган эне айына 8900 сом алат


Каракол шаары.
Каракол шаары.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Каракол шаарында карантинде балдарын бага албай өзүнө кол салган жалгыз бой эне мамлекеттен ай сайын 8900 сом аларын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык 47 жаштагы аял министрликтин каттоосунда турат. Ай сайын майып баласына 4000 сом жөлөкпул жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баласын караганы үчүн 4900 сом акча төлөнүп келет.

«Январда бул үй-бүлөгө 10 кап көмүр, өзгөчө абал жарыялангандан кийин азык-түлүктөн жардам берилген. 16-апрелде Мамлекеттик материалдык резерв фондунан бир кап ун тапшырылган», деп айтылат маалыматта.

Каракол шаарында мектеп жашындагы эки баласын жалгыз тарбиялап келаткан 47 жаштагы аял балдарын бага албай кыйналганынан өзүнө кол салган. Маалыматты Каракол шаардык мэриясы тастыктаган.

Дары ичип, өлгөнгө аракет кылган аялдын өмүрүн дарыгерлер сактап калышты. Батирде жашаган эне карантинге чейин жалданма жумуштарга чыгып, күнүмдүк тамак-ашка акча таап жүргөнү кабарланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG