Орусиянын Коргоо министрлиги март айынын башынан 26-апрелге чейин 874 аскер кызматкеринен коронавирус табылганын билдирди. Анын ичинен төртөөнүн абалы оор, 15 аскердики орточо оор деп бааланууда. Аскер кызматкерлеринин 320сы гана ооруканага жаткырылган. Калганы ооруканага жатууга муктаж эмес деп айтылды.
Бул маалыматты Коргоо министрлиги биринчи жолу берип жатат. Аскерлерден COVID-19 вирусу табылганы тууралуу буга чейин эч нерсе айтылбай келген.
Министрлик мындан тышкары аскердик окуу жайларында окуган 779 курсанттан жана аларга сабак берген 192 мугалимден илдет аныкталганын кошумчалады.
Орусияда коронавирус баш-аягы 80 миңден ашык кишиге жукту. Пандемия башталгандан бери оорудан 747 адам каза болду.