Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Кыргызстанда коронавирус дагы 13 адамдан табылды, 25 бейтап айыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 27-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 13 адам аныкталды. Алардын алтоо Бишкек шаарында. Ош шаарында бир, Ош облусунда бир, Чүй облусунда эки, Нарын облусунда бир жана Ысык-Көл облусунда эки адам. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бир суткада 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ошентип, 27-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 695 болду, алардын сегизи каза болду. 395 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон. (RK)

XS
SM
MD
LG